Касымалиев «Ачык кабинет» долбоорунун экинчи этабы башталарын жарыяладыКонгодо Эболага чалдыккандардын саны 2 миңден аштыЭнергетиктер Кыргызстанда электр энергиясынын массалык түрдө өчүшүнүн себебин билдириштиКыргызстанда «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусу ачылды2026-жылы КРСУну Казакстандын 56 жараны аяктады, алардын көбү болочок дарыгерлерЖыл башынан бери жайыттарда 109 мыйзам бузуу аныкталды
Жалал-Абадда “ээнбаш” айдоочу 35 миң сом айыпка жыгылды (видео)
08.10.2024 | 10:07
Жалал-Абад облусунда унаасына жасалма номер тагып алып, автоээнбаштык жасаган айдоочуга 35 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга BMW’нын айдоочусу унаасы менен оюн салып, жол эрежесин бузуп жатканы тартылган видео тараган.
Жалал-Абаддын жол тескөөчүлөрү аталган айдоочуну табышкан. Автоээнбаштык үчүн ага 15 миң сом айыппул салынып, унаасы айып короого токтотулган. Ошондой эле ал жасалма номер тагып жүргөндүгү аныкталып, ал үчүн айдоочу дагы 20 миң сом айыпка жыгылган.
Жол эреже бузууларды көрсөңүз, сүрөт-видеону 0777 102 102 номерине жөнөтсөңүздөр болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом