Казакстандык бир нече ун чыгаруучу компания өз иштерин Өзбекстанга көчүрүшүүдө

Казакстандык бир нече ун чыгаруучу компания өз иштерин Өзбекстанга көчүрүшүүдө

Казакстандык бир нече ун чыгаруучу компания өз иштерин Өзбекстанда жүргүзө баштады. Бул тууралуу Forbes Kazakhstan басылмасы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, казак компаниялары Казакстанга караганда Өзбекстанда бизнес үчүн жакшыраак шарт түзүлгөндүктөн ушундай чечимге келишкен.

Forbes Kazakhstan басылмасына интервью берген Карагандыдагы ун чыгарган «Mutlu» компаниясынын директору Дос-Мукасан Таукебаев Казакстанда тегирменчилерди колдогон эффективдүү программа жок деп эсептейт.

Анын айтымында, өзбек өкмөтү өндүрүүчүлөрдүн өтүнүчү менен электр энергиясынын баасын төмөндөткөндүктөн, ишкерлер бизнесин Өзбекстанга көчүрүшүүдө:

— Президент Өзбекстандын ун чыгаруучу компанияларын беш жылга салыктан бошотту. Эгер бизде орточо 14 пайыздык ченем болсо, Өзбекстанда 4 пайыз менен 15 жылга насыя берилет. Казакстанда электр энергиясынын баасы 20 теңгени түзөт, Өзбекстанда – 10 теңге. Мындан тышкары Өзбекстанда жумуш күчү Казакстанга караганда эки эсе арзан.

Forbes Kazakhstan маалымдагандай, Казакстан ун экспорттоо боюнча 2007-2010-жылдары дүйнөлүк лидер болгон. Андан кийин ар кыл себептерден улам Түркияга биринчиликти алдырып жиберген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>