Казакстандын көк бөрү жана көкпар курамалары Кыргызстандын курамалары менен «Биримдик кубогун» ойноо үчүн Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.
Белгилүү болгондой, буга чейин Кыргызстандын көк бөрү федерациясы казакстандык улакчыларды «Биримдик кубогуна» чакырган. Мелдеш Чолпон-Атада 1-ноябрда өтүп, анда Көчмөндөр оюндарынын финалында беттешкен эки өлкөнүн көк бөрү жана көкпар боюнча курамалары ойномок.
«Федерация Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган «Биримдик кубогуна» катыша албайт. Себеби аталган даталарга башка маанилүү мелдештер пландалган. Учурда көкпарчылар ал оюндарга даярданып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан Казакстандын улакчыларын «Биримдик кубогуна» чакырды