Таласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылат
Казакстандык улакчылар “Биримдик кубогун” ойноо үчүн Кыргызстанга келбейт
19.09.2024 | 11:40
Казакстандын көк бөрү жана көкпар курамалары Кыргызстандын курамалары менен “Биримдик кубогун” ойноо үчүн Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.
Белгилүү болгондой, буга чейин Кыргызстандын көк бөрү федерациясы казакстандык улакчыларды “Биримдик кубогуна” чакырган. Мелдеш Чолпон-Атада 1-ноябрда өтүп, анда Көчмөндөр оюндарынын финалында беттешкен эки өлкөнүн көк бөрү жана көкпар боюнча курамалары ойномок.
“Федерация Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган “Биримдик кубогуна” катыша албайт. Себеби аталган даталарга башка маанилүү мелдештер пландалган. Учурда көкпарчылар ал оюндарга даярданып жатат”, – деп айтылат маалыматта.
https://reporter.kg/kyrgyzstan-kazakstandyn-udakchydaryn-birimdik-kuboguna-chakyrdy/