Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы өтөтКыргызстан менен Кытай ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүү жана гидроэнергетикага инвестиция тартуу боюнча кадамдарды белгилештиБала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейтИзраилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылдыБивол Екатеринбургда Айфертке каршы титулдук беттеш өткөрөт
Казакстандык жаран 5 кг синтетикалык баңгизат менен кармалды
10.02.2026 | 15:17

УКМК Кыргызстандын аймагына синтетикалык баңги заттарды жеткирүү каналына бөгөт койгонун билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, 8-февралда жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн натыйжасында Казакстандын жараны салмагы 5 кг болгон синтетикалык баңгизат менен кармалды.
Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда баңгизат каналынын уюштуруучуларын аныктоого багытталган кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар