Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Казакстандын экс-президентинин иниси Болот Назарбаев каза болду
13.11.2023 | 13:03
Казакстандын мурдакы президентинин иниси Болот Назарбаев каза болду. Бул тууралуу маалыматты Нурсултан Назарбаевдин өкүлү Айдос Укибай ырастады.
Болот Назарбаев 71 жашында узак оорудан кийин дүйнө салганы кабарланды. Анын кызыл өңгөч шишиги менен күрөшүп келгени маалым.
Казак медиасында Болот Назарбаевдин сансыз байлыгы жана аялдары тууралуу байма бай макалалар жарыяланып турчу. Айрым маалыматтарга караганда, Болот Назарбаев бир учурда үч аял менен расмий никеде туруп, жалпысынан 5 жолу үйлөнгөн. Кыргызстандын маалымат каражаттары казак жетекчисинин иниси 2020-жылы кыргыз кызына баш кошуп, аны өзү келип, Бишкектен алып кеткенин жазышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом