Казакстандын университеттерине кыргыз абитуриенттерин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларында бакалавриат программалары боюнча билим алууга 25 орун, магистратура боюнча – 20 орун , үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүү боюнча – 5 орун бөлүнгөн.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасынан каттоодон өтүп, талап кылынган документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2024-жылдын 23-майы саат 23:59га чейин арызды жана каттоо формасын толугу менен толтуруу зарыл.
Толук маалымат — https://edu.gov.kg/announcements/387/
Конкурска катышуу боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондор аркылуу берилет. Ошондой эле суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жиберсе болот.