Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылдыСалык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилди
Казинолордун ишмердүүлүгүнөн 86 млн сомдон ашык салык түштү
10.01.2024 | 17:55
Кыргызстанда өткөн жылы казинолордун ишмердүүлүгүнөн 86 миллион сомдон ашык салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Андан тышкары, өтүп кеткен жылдын 11 айында букмекер контораларынан жана тотализаторлордон 3,5 миллион сом которулган.
Эске салсак, өлкөдө 2012-жылы кумар оюндарына тыюу салынган. Бирок өткөн жылы мамлекеттик бюджетти толуктоо максатында казинолорду ачууга жол берген мыйзам кабыл алынып, ишмердүүлүккө лицензия берилип баштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика