Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ири завод курулат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ири завод курулат

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жетектеген делегация мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Кытайдын Чанша шаарында курулган  экологиялык жактан таза, таштандыларды өрттөөчү Junxin Environment Protection  ири заводунун иши менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен  Junxin  компаниясынын башкы директору Dai Daoguo   калдыктарды өрттөөнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү объекти боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюшкан. Бул компания инвестор катары таштандыларды өрттөөчү завод куруу каалоосун билдирген.

Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, ошондой эле Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү  заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда.

Капсуланы үстүбүздөгү жылдын башында жаз айларында салуу пландалууда. Курулуш процесси бир жарым жылга жакын убакытты алат.

Чанша шаарындагы Junxin заводу таштандыларды кайра иштетип гана тим болбостон, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган илимий-изилдөө   иштерди да жүргүзөт. Завод жогорку технологияны колдонот. Калдыктардан завод электр энергиясын, курулуш материалдарын, жер семирткичтерди, биодизельдерди, ошондой эле сугат үчүн техникалык сууларды чыгарат.

Завод тамак-аш калдыктарын утилдештирүү, медициналык таштандыларды жана тиричилик таштандыларын утилдештирүү блокторунан турат. Ошондой эле таштандылар ныкталып, саны үч эсеге кыскарган кайра жүктөө базасы бар.

Шаар боюнча таштандыларды чогултуунун бүт процессине, утилдештирүү, кайра иштетүү  процессине онлайн режиминде көз салууга болот. Чанша шаарындагы таштанды полигону жогорку технологиялар паркына айланды.

Junxin компаниясы бул катуу таштандыларды, шаардык канализация калдыктарын, полигондогу фильтраттарды, күл жана башка калдыктарды жок кылуу менен алектенген улуттук жогорку технологиялык ишканасы болуп саналат. Завод эл аралык стандарттарга жооп берет.

Junxin  компаниясына айлана-чөйрөнү коргоо боюнча провинциялык жана муниципалдык билим берүү базасы, шаардык саркынды сууларды тазалоо жана таштандыларды кайра иштетүү боюнча улуттук уюм деген наам берилген, ал жакшы экологиялык жана социалдык эффективдүүлүктү алып келди, кеңири таанылды жана мамлекеттик органдардан, жарандардан жана ички жана чет өлкөлөрдөгү кесиптештерден жакшы сын-пикирлерге ээ болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>