Келерки жылы пенсияны 7%га көтөрүү пландалууда. 10 миң сом алгандарга канча сом кошулат?

18.11.2024 | 16:06

Келерки жылы пенсияны 7%га көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев бүгүн, 18-ноябрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Отурумда депутат Айсаракан Абдибаева пенсия 7%га көбөйсө, канча сом кошуларын сурады.

Алиевдин айтымында, эгер жаран 1 миң сом пенсия алса, ага 70 сом кошулат.

“10 миң сом болсо, 700 сомго көтөрүлөт”, – деди ал.

Депутат анда пенсияны кеминде 15-20%га көтөрүү керектигин белгиледи.

Бактияр Алиев 2025-жылдын үч айында жана жарым жылында түшкөн акчага карап, келерки жылы пенсия канча пайызга көтөрүлөрү так белгилүү болорун билдирди.

Scroll to Top