Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
ЖК комитети ата-энелерден мажбурлап акча чогулткандарга айып салууну колдоду
18.11.2024 | 15:19
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети мектептерге караштуу коммерциялык эмес уюм түзүп, ата-энелерден мажбурлап акча чогултууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырды.
Мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Миргүл Темирбаеванын айтымында, сунушталган мыйзам боюнча мажбурлап акча чогулткандарга 10 миң сом, юридидикалык жактар үчүн 30 миң сом айып каралган.
Ошол эле учурда, депутат билдиргендей, ишкерлер же колунда бар адамдар, анын ичинде ата-энелер өз каалоосу менен мектепке акчалай жардам берем десе, мыйзам ага тыюу салбайт.
Эми бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом