ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Кеминде кой уурдаган киши кармалып, мал ээсине кайтарылды
27.07.2022 | 14:05
Кемин районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга арыз менен Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Л.И. кайрылып, 23-июлга караган түнү короосунан белгисиз адамдар бир баш коюн уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын аймагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүү делип Кемин районунун 1974-жылы туулган К.В. аттуу тургуну кармалып, РИИБдин тергөө кызматына алынып келинген.
Уурдалган мал ээсине кайтарылып берилип, тергөө иштери уланып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом