Сотто “РусГидрого” утулганыбызга саясатчылардын сөзү таасир этти, — Баетов

Сотто “РусГидрого” утулганыбызга саясатчылардын сөзү таасир этти, — Баетов

Кыргызстандын “РусГидро” менен болгон соттук териштирүү иштеринде утулуп калышына айрым кызмат адамдардын айткан сөздөрү таасир этти. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлдагы маалымат жыйында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

Буга чейин “Русгидро” Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курмак болуп, 2012-жылы өкмөт менен келишим түзүлгөн. Кийинчерээк Кыргызстан компания ишин кечеңдетип жаткандыктан ал келишимден чыккан. Андан кийин “Русгидро” бул долбоорду баштаганга короткон деген 37 млн долларын өндүрүп алуу үчүн арбитраждык сотко кайрылган. Жакында эле Гонконгдогу арбитраждык сот аталган компаниянын доо арызын канааттандырган.

Баетовдун айтымында, айрым кызмат адамдарынын “РусГидрого” байланыштуу билдирүүлөрү сотто далил катары келтирилип, Кыргызстандын соттон утулушуна таасир эткен. Мындан улам ал чиновниктер кандайдыр бир билдирүү жасоодо жоопкерчиликтүү болушу керектигин эскертти.

Ал белгилегендей, Кыргызстан бул иш боюнча октябрь айына чейин апелляция бере алат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: РусГидро

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>