7-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнАдылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшердиКантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайт
Кербенде айыл чарба жерлери мыйзамсыз берилип кеткен
05.07.2024 | 09:15
Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен айыл чарба жерлери аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, мэриянын кызмат адамдары “Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын одоно бузуп 53 жаранга 600дөн 1500 чарчы метрге чейинки жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберген.
Мындан сырткары, “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону” негиз кылып, айыл чарбасына жарактуу бир канча жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберген.
Материалдар укуктук баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом