14 жаштагы өспүрүмдүн өз атасынан төрөгөн ымыркайын балалуу боло албай жүргөн үй-бүлө багып алды

14 жаштагы өспүрүмдүн өз атасынан төрөгөн ымыркайын балалуу боло албай жүргөн үй-бүлө багып алды

Чүй облусунун Сокулук районундагы атасынан төрөдү делинген кыздын ымыркайын балалуу боло албай жүргөн үй-бүлө багып алды. Бул тууралуу өздүк булактарга таянуу менен «super.kg» жазып чыкты.

Ал эми Чүй ОИИББи учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалганын, ал эми багып алган адамдардын дагы аты-жөнү такталып, териштирүү иштери башталганын билдирди.

29-август күнү милицияга Сокулук районунун айылдарынын биринде 14 жаштагы өспүрүм кыз  өзүнүн атасынан бала төрөгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Кийин ымыркай  башка адамдарга асыроого берилгендиги аныкталган.

Бул факт “зордуктоо” беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө иштери башталган. Ал эми кылмышка шектүү катары 1966-жылы туулган А.М., аттуу өспүрүмдүн атасы  убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>