Нарын шаарынын тургундарынын 97% таза суу менен камсыз болушту

Нарын шаарынын тургундарынын 97% таза суу менен камсыз болушту

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту, 40 пайызы канализация системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындай маалымат кечээ, 21-августта өлкө башчынын Нарын облусуна эки  күндүк иш сапарынын алкагында белгилүү болду.

Анда Жээнбеков Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жатканын айтышты. Долбоор Нарын шаарынын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого жана агып чыкма сууларды башкарууну өркүндөтүүгө багытталганын билдиришти.

Бул максаттарга ЕРӨБ тарабынан жалпысынан 6,2 млн евро каралган. Бул долбоордун алкагындагы курулуш иштери 2018-жылдын июнь айында башталган жана 2019-жылдын аягына чейин аяктоо болжолдонууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>