Жеке ишкерден опузалап ири акча талап кылгандар кармалды – сүрөт

Жеке ишкерден опузалап ири акча талап кылгандар кармалды – сүрөт

Жеке ишкерден опузалап 28 миң доллар талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКга жеке ишкер андан уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү опузалап акча талап кылып жатканын айтып кайрылган. Аталган адамдар андан 28 миң доллар талап кылышып, болбосо анын жеке мүлктөрүн аларга өткөрүп берүү керектигин айтышкан.

27-февралда ишкерден миң доллар акча алып жаткан жеринен аталган адамдар кармалган.

Алардын өздүгүн тактаганда бири, 35 жаштагыБ.М. аттуу кыргыз жараны экени, экинчиси А.А. аттуу 51 жаштагы чет элдик киши экендиги белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>