Жогорку соттун мурдагы төрагасы Качкынбай Бообеков каза болду

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Качкынбай Бообеков каза болду

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген юрист Качкынбай Бообеков каза болду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Качкынбай Бообеков узакка созулган оорудан улам 25-июлда 83 жашында дүйнөдөн кайтты.

Качкынбай Бообеков 1937-жылдын 1-январында Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында төрөлгөн. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

1989-жылга чейин Кемин райондук сотунда катчы, Ош облустук сотунда судья, Балыкчы шаардык сотунда судья, төрага, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

1991-жылы Жогорку соттун төрагалыгына шайланып, 1995-жылга чейин жетектеген. Качкынбай Бообеков Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки Жогорку соттун алгачкы төрагасы болуп эсептелет.

Ал 1996-2002-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп иштеген. 2002-2007-жылдары Жогорку соттун судьясы болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>