Дастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болотСадыр Жапаров курулушчулардан ачык-айкындуулукту жана жарандардын алдындагы милдеттенмелерин так аткарууну талап кылды
«Хан-Теңири» жаратылыш паркындагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяланды
22.01.2026 | 16:33
«Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркына коюлган фото-капкандарга түшкөн жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяланды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги жарыялаган сүрөттөрдө ак илбирс, сүлөөсүн, тоо текелер, түлкүлөр жана карышкырлар бар.
Министрлик бул сүрөттөр жаныбарлардын табигый чөйрөсүндө адамдын кийлигишүүсүз байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берерин, ошондой эле жапайы жаратылышты көзөмөлдөө жана сактоо үчүн баалуу курал болуп саналарын билдирди.
«Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркы Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндө, Күнгөй жана Тескей Ала-Тоо кыркаларынын кошулган жеринде жайгашкан. Парк Адыр-Төр, Сары-Жаз, Эңилчек жана Кайыңды тилкелерин камтыйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом






