“Хайп” үчүн маркум Айсулуунун тууганы болуп алган жаран кармалды

01.10.2025 | 10:57

Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдө зордукталып өлтүрүлгөн Айсулуу Мукашева тууралуу коомчулукка жалган маалымат тараткан адамды кармаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Сыймык Нарынбек уулунун маркум кызга эч кандай тиешеси жок болуп чыккан. Ал өзүн «агасымын» деп тааныштырып, айрым ЖМКларга жалган маек берип, коомдо чыңалуу жаратып жиберген.

ИИМ билдиргендей, Нарынбек уулу буга чейин уурулук жана алдамчылык үчүн жоопкерчиликке тартылган. Ал журналисттерге туура эмес маалымат бергенин мойнуна алып, мындай кадамга “хайп” үчүн жана социалдык тармактарда катталуучу топтоо максатында барганын айткан.

«Өзүмдү СНБ, милиция кызматкеримин деп туугандарынан маалымат чогултуп, журналисттерге туура эмес маалымат бергем. Мурда соттолгом, милицияга ызам бар эле, ошондуктан ушинтип жасадым», — деген ал сурак маалында.

ИИМ бул окуя боюнча коомчулукка таратылган маалыматтардын расмий булактардан гана алынуусун эскертти.

Scroll to Top