Кимдерге коронавирс жугуу коркунучу төмөн? ДССУнун жообу

Кимдерге коронавирс жугуу коркунучу төмөн? ДССУнун жообу

10 жашка чейин жаш балдардын вирус жуктуруп алуу ыктымалдуулугу төмөн жана алар вирусту жеңил көтөрүшөт. Бул тууралуу Женевадагы брифингде Дүйнөлүк сламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө оорулар бөлүмүнүн башчысы Мария Ван Керкхове билдиргенин РИА Новости жазган.

Мындай көрсөткүч кичинекей балдардын антителага тапшырган анализинин жыйынтыгына карата аныкталган. Натыйжада, 10 жаштан ашкан балдарда  20 жаштан ашкан балдар сыяктуу эле илдет жугуу ыктымалдуулугу жогору. Бирок алар вирустун жеңил түрү менен оорушат.

ДССУнун өкүлү балдар арасында вирус бири-бирине жугабы, ошону билиш керек экендигин кошумчалаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта өпкөнү сезгентүүчү COVID-19 виусун пандемия деп жарыялаган.  ДССУнун акыркы көрсөткүчтөрүнө караганда, дүйнө жүзү боюнча 12,5 млндон ашык адам коронавируска чалдыккан, алардын ичинен 561 миңден ашыгы каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>