Китеп сатып албагыла! Жаңы окуу китептери мектептерге таратылат

Жаңы окуу жылынын алдында мектептерге китеп жеткирүү иштери уланууда. Агартуу министрлиги ата-энелерди шашып китеп сатып албоого чакырды.
Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, китептер басылып жаткан учурда окуучулар жана мугалимдер https://kitep.edu.kg/ сайты аркылуу электрондук варианттарды убактылуу пайдалана алышат.
“Китеп сатып албай туруңуздар. Учкун ишканасы жана биздин адистер күнү-түнү иштеп жатат. Жаңы китептерди мектептерге жеткизгенче онлайн ресурстарды колдонуп турууну сунуштайбыз”, — деди ал.
“Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов кошумчалагандай:
- 1, 2, 5 жана 7-класстарга окуу китептери толук басылып чыгат;
- 3–9-класстар үчүн англис тили боюнча жаңы китептер толугу менен мектептерге жеткирилди;
- Китептер ар бир мектептеги окуучулардын санына жараша эсептелип, кошумча 10% резерв менен даярдалууда.
Азыркы учурда өлкө боюнча китеп менен камсыздоо 70–71% түзөт. Ал эми бийликтин планы боюнча 3 жыл ичинде бул маселени толугу менен чечүү, 2030-жылга чейин 100% камсыздоого жетишүү күтүлүүдө.