«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Бишкектин айрым райондорунда 28-августта суу өчүрүлөт
26.08.2025 | 22:12

28-августта саат 08:00дөн 02:00гө чейин борбор калаанын бир катар турак жайларында, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана өндүрүштүк объектилерде таза суу өчүрүлөт.
Мэриядан кабарлагандай, төмөнкү аймактарда суу өчүрүлө аймактар:
- 10-кичи район;
- Масалиев – Ч.Айтматов пр. – Ы.Абдрахманов – Садырбаев көчөлөрүнүн чектериндеги аймак;
- Масалиев – Ч.Айтматов пр. – Токтоналиев – М. Гшлиессер көчөлөрүнүн аралыгы;
- Жал-29, №95 мектептин түштүк тарабы.
Өчүрүү ВДНХ суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

“Бишкексууканал” мекемеси калкты жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырып, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Рубрики: Жаңылыктар