Бүгүн, 5-июнда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында он жетидей документке кол коюлду. Жыйынга өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда төмөнкү документтер кабыл алынды:
- КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө;
- Оор машина куруу тармактарын өнүктүрүүдө кызматташуу тууралуу Макулдашуу жөнүндө;
- Жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө;
- КМШга мүчө мамлекеттердин аба кыймылын башкаруунун улуттук системаларын гармонизациялоо концепциясы жөнүндө;
- КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын ден соолугун коргоо жаатындагы кызматташтыгынын концепциясы жөнүндө;
- 1994-жылдын 9-декабрындагы жумушчулар жашаган өлкөдөн тышкары жерде болгон өндүрүштүк кырсыктарды иликтөөнүн тартиби жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколу жөнүндө;
- КМШнын ыктыярчыларынын форуму жөнүндө;
- 2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактар аралык жана чек ара кызматташтыгынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
- КМШга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш системасынын уюштуруу-техникалык түзүмүн түзүүнүн, куруунун жана иштешинин принциптери жөнүндөгү Жобо тууралуу;
- КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук телерадиоберүү уюмдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобо жаңы редакцияда;
- 2030-жылга чейин КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча бирдиктүү тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана иш-чаралары жөнүндө;
- КМШнын “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде туризмди өнүктүрүү үчүн” төш белгисин белгилөө жөнүндө;
- КМШнын Экономикалык сотунун судьяларынын реестрине киргизилген судьялардын ишин камсыз кылуунун тартиби жөнүндө;
- 2016-жылдын 16-сентябрындагы КМШнын Экономикалык соту жөнүндө КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2017-жылдын 26-майындагы чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
- Кадрларды дайындоо жөнүндө;
- “Уран казып алуудан жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” мамлекеттер аралык максаттуу программа жөнүндө;
- 2025-жылы КМШнын органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө.