КМШ саммити: Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

КМШ саммити: Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапары жана 13-октябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн саммитине байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, коомдук тартипти жана коопсуздукту кароо үчүн Бишкек гарнизонунун 4 миң 500 кызматкери тартылган.

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жарандардан коомдук коопсуздукту камсыздоо менен бирге жол кыймылын жөнгө салып турган милиция кызматкерлеринин талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз», — деп билдирет ИИМ.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

covid 19

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>