Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен чек араны талкуулады

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен чек араны талкуулады

Бүгүн мамлекеттик резиденцияда Садыр Жапавов Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Президенттер эки мамлекет ортосундагы негизги жана эң көйгөйлүү теманы — кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Маалыматка караганда, Жапаров менен Рахмон саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп,  ачык жана мазмундуу сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын башчылары 2-октябрь күнү Баткен шаарында №44 протоколго кол коюшту. Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов экөөң тең макулдашуу чек ара боюнча акыркы чечим кабыл алынарына негиз болорун айтышкан. Бирок протоколдун мазмуну ачыктала элек.

Ташиев менен Ятимов: Чек ара боюнча акыркы чечим жакын арада кабыл алынат (видео)

Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырым жери боюнча макулдашууга келгендиги кабарланган. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>