Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы башчысы Шабданбек Алишев КМШнын жана ЖККУнун парламенттик ассамблеясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Шабданбек Алишев өкмөттүк эмес секторлордо, президенттин аппаратында иштеп, 2011-жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган. Акыркы бир жылда парламенттин аппарат башчылыгын аркалады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз