“Кадастрдын” мурдагы жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

“Кадастрдын” мурдагы жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмүндө (“Алдамчылык”) каралган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кызмат абалынан пайдаланып алдамчылык аракеттерге барганы үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.С.К. кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, 2023-жылдын март айында А.С.К. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында Ж.О.С. аттуу жаранга 1 млн 200 миң АКШ долларына 3 гектар жер тилкесин (мамлекеттин балансында турган Байтик-Батыра көчөсүндөгү Орто-Сай айылындагы жер тилкесин) сатып алууну сунуштаган.

Кылмыштуулук фактыларын тастыктоо жана документтештирүү максатында 2023-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы кафелердин биринде (мурда алынган 150 миң АКШ долларынын) 10 миң доллар каражатын кайтарып берүү учурунда А.С.К. пара менен кармалды.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында А.С.К. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>