Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылдыОшто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды
Кочкор-Жумгал жолун эл жаап алды (ВИДЕО)
13.12.2021 | 09:39
Нарын облусунун Жумгал районунда жергиликтүү тургундар Дыйкан айылынын жанына боз үй тигип, жолду жарым-жартылай жаап салышты. Нааразылык акциясы жекшемби күнү, 12-декабрда болгон.
Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун башталышына эл нааразычылыгын билдиришүүдө. Алар жол куруп жаткан компания жолго суу сеппей жатат, андан улам жакынкы айылдарда чаң ызгып, жарандар дем ала албай жатышат.
Акция болгон жерге милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишкен. Сүйлөшүүлөрдөн кийин компания жолго суу себүүгө макул болушту. Айтымдарында, сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар