Пенсияга реформа январда башталат

Пенсияга реформа январда башталат

Келээрки жылдан тарта пенсиялык тутумда реформа жүрө баштайт. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров пенсиялык тутумду реформалоо маселеси боюнча көчмө жыйында билдирди.

Анын айтымында, жарандар пенсиясын жогорулатуу үчүн чын ыкластан акча которгудай системаны түзүүнү пландаштырууда.

«Салык жана бажы тутумун реформалоо жыйынтыкталуу алдында турат, келерки жылдын январь айынан тарта биз пенсиялык тутумду реформалап баштоону пландаштыруудабыз. Анын негизги максаты – тутумдун жалпы катышуучулары үчүн бирдиктүү укукту камсыздоо эсебинен адилеттүүлүкту жана натыйжалуулукту жогорулатуу жана пенсиялык камсыздоо принциптерин кучтөндүрүү«, — деди Акылбек Жапаров.

Андан соң Социалдык фонддун «Келечек булагы» өнүктүрүү жана туруктуу экосистеманы куруу боюнча стратегиясы сунушталды.

Жарандардан акча алып, азыраак пенсия берген системанын үлгүсүнөн арылуу керектиги, ошондой эле жарандардын келечекте пенсия алуусунун кепилдиги катары мамлекет чыгып, жарандар пенсиясы аныкталуусу үчүн каражаттарын чын дилинен которо тургандай болуп, Социалдык фондго карата мамилеси өзгөртүлүшү керектиги айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>