Батыштын санкциялары Кыргызстанга жана Борбор Азияга кандай таасир этүүдөБишкекте үй жаныбарларын кармоонун жаңы эрежелери даярдалуудаӨкмөт башчы орусиялык кинорежиссёр Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырдыБишкекте ээси жок жаныбарлар үчүн муниципалдык башпаанек ачылышы мүмкүнАКШ президенти өзөктүк куралды сыноону баштоо тапшырмасын бергенин билдирдиОш шаарында аталышы кыргызча жазылбаган кафе-дүкөндөрдүн жазуулары алынууда
Кой-Ташта каза болгон офицерге Атамбаевге таандык куралдан ок атылган
12.12.2019 | 18:11
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин “Альфа” атайын түзүмүнүн офицери Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевге таандык снайперден атылган октон каза болгон.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Памир Асанов билдирди.
“Баллистикалык экспертиза чыкты Үсөнбек Ниязбековго “Карабин СВД” үлгүсүндөгү куралдан чыккан ок тийген”, – деген ал.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Ниязбековго окту ким атканы такталганын айтып, бирок тергөөнүн кызыкчылы үчүн айтылбай турганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар