Кыргызстандык мушкер, дүйнөлүк UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко социалдык тармактагы баракчасына Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында монгол атын минип турган сүрөттөрүн жүктөдү.
Белгилей кетсек, мушкер учурда Кыргызстанда. Спортчу кыз соңку убакта мекенине байма-бай келүүдө.
Шевченко аралаш мушташ боюнча Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) аялдар арасындагы эң жеңил (57 кг) салмактагы чемпиону.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз