Өзбекстанда соттолгон эки жаран Кыргызстандан кармалды

Өзбекстанда соттолгон эки жаран Кыргызстандан кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясы коӊшу өлкөдө өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөрдү кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-январь күнү милицияга эки жаран Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстандын Анжиян облусунун 36 жаштагы К.А аттуу тургуну жана Фергана облусунун 30 жаштагы Н.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Териштирүү учурунда Өзбекстандын жарандары мурда бир нече жолу соттолгондугу, акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүрүү менен соттолушуп, Жиззах облусунда жазасын өтөп жатышкан жеринен качып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү аныкталган. Бүгүнкү күндө Өзбекстан тараптан аларга карата издөө жарыялангандыгы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>