Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Көлбаев менен байланышка шектелген орус ишкерине издөө жарыяланды
12.03.2024 | 18:30
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Россиянын “Капитал Групп” компаниясынын ээси Павел Тего издөө жарыялады.
Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелет. Маалыматта Павел Те “Братский круг” эл аралык кылмыштуу тобуна киргендиги айтылат.
“Ал биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында крим чөйрөсүнүн өкүлдөрү – Камчыбек Көлбаев жана Азим Рой менен байланыш түзгөн. Павел Те Көлбаевге Кыргызстанда кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн”, – дейт УКМК.
Ишкер Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, сот органынын токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө да жарыяланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом