Орунбеков бирдиктүү маалыматтык саясат жүргүзүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Орунбеков бирдиктүү маалыматтык саясат жүргүзүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун жетекчилиги алдында өлкөдө бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Отурумга министрлердин жана мамлекеттик мекемелердин башчыларынын орун басарлары, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана басма сөз катчылар катышты.

“Жыйында мамлекеттик органдардын аткарып жаткан ишмердүүлүгүн тийиштүү деңгээлде туура жеткирүү, мамлекеттик кызматкерлер менен коомдун ортосундагы байланышты жакындатуу, жарандарды кызыктырган суроолорго ыкчам жооп даярдоо сыяктуу бир катар маселелер такууланды”, — деп айтылат маалыматта.

Отурумда Орунбеков президент баштаган реформалар этап-этабы менен ишке ашырылып жатканын, аларды чагылдырууда мамлекеттик органдардын тиешелүү жетекчилери менен бирге басма сөз катчыларынын ролу маанилүү экенин белгилеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>