Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Көлдөрдө жана дарыяларда балык уулоого убактылуу тыюу салынды
10.04.2025 | 17:05
Өлкөнүн көлдөрүндө, көлмөлөрүндө жана дарыяларында балыктардын урук чачуу мезгилинде көңүл ачуу жана спорттук максатта балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Тактап айтканда, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Нарын облустарынын көлмөлөрүндө бул балыктарды уулоого тыюу салынды:
- Каңылтыр, жаян, кадимки кой балык, ак амур, акмурун макоо балыгы,кадимки чортон, жылан баш, кадимки көк серке, маринка, күмүштөй таман балык, кадимки алабуга, кызыл канат, арал чабагы, тыран, кубулма, кадимки чабак, итмурун, ыссык-көл чабагы, ыссык-көл майда балыгы жана каңылтыр балыктары.
Мындан тышкары Ысык-Көл көлүндө көңүл ачуу жана спорттук максатта төмөнкү балыктарды уулоого болбойт:
- Ысык-көл чабагы – 1-апрелден – 15-майга чейин;
- Ысык-көл майда балыгы – 1-майдан 1-июлга чейин;
- Каңылтыр балыгы – 20-майдан 15-июлга чейин.
Ал эми 1-майдан 1-июлга чейин мамлекетке тиешелүү башка балык чарба көлмөлөрүндө бул балыктарды кармоого тыюу салынды:
- Каңылтыр, жаян, кадимки кой балык, ак амур, акмурун макоо балыгы, кадимки чортон, жылан баш, кадимки көк серке, маринка, күмүштөй таман балык, кадимки алабуга, кызыл канат, арал чабагы, тыран,кубулма, кадимки чабак, ит мурун балыктары.
Ошондой эле өлкөнүң дарыяларында төмөнкү баалуу балык түрлөрүн уулоого тыюу салынат:
- Осман балыгы – 5-июндан 15-июлга чейин;
- Амударыя жилингири балыгы – 15-октябрдан 15-декабрга чейин тыюу салынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом