Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Кореялык ишкана Бишкекке электробустарды жана кубаттоочу инфраструктураны киргизүүгө көмөктөшөт
01.10.2025 | 15:12

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Түштүк Кореянын борбору Сеулда Blue Networks ишканасынын башкы директору Но Сун Ён менен жолугушуу өткөргөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар электрдик коомдук транспортту жана кубаттоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Жолугушуунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен Blue Networks Co., Ltd ишканасынын ортосунда электробустарды жана кубаттоо станцияларынын инфраструктурасын киргизүү багытындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Жолугушуунун соңунда тараптар ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга жана бул жаатта тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат