Камчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалуудаЧек ара кызматы менен Туризм фонду туристтер үчүн тоо каттамдарын санариптештиретЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди
Кореялык офтальмологдор Чүйдө 97 адамга бекер операция жасашты
06.10.2024 | 10:10
2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Чүй облусунун Жайыл районунда «Vision Eye Camp Kyrgyzstan» компаниясы тарабынан уюштурулган медициналык кайрымдуулук акциясы болуп өттү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Түштүк Кореядан текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог-хирург келген.
Акциянын негизги максаты Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.
Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катарактага операция жасалды. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар