Түштүк Кореянын эркин күрөш боюнча балбандары Бишкекте машыгууларды өткөрүүдө. Алардын сүрөттөрүн дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын беш жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова өзүнүн Instagram баракчасында жарыялады.
Корей спортчулары социалдык тармактагы баракчаларында Ала-Арча паркын белгилешип, жаңы жылдык эс алууну Кыргызстанда өткөрүп жатканын кабарлашты.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюму тарабынан кыз-келиндер күрөшү боюнча «2023-жылдын мыкты балбаны» аталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз