Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча текшерүү баштады

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча текшерүү баштады

5-январь күнү Молдовановкадагы №31 абакта каза болгон Арстан Абдылдаевдин өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассалогиялык, соттук-психиатриялык жана башка тийиштүү амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта маркумдун электрочайнектин зымын (шнур) сүлгүсү менен байлап ашкананын тамактануучу бөлмөсүндө асынып алганы айтылат.

Башкы прокуратура дагы Абдылдаевдин моюнунда зымдын изинен башка криминалдык күч колдонгон башка жаракаттар аныкталбаганын белгилейт.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Анын жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын кыймыл аракеттерине карата юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, Арстан Алай декабрда кармалып, 2024-жылдын 15-январына чейин камалган. Анын өлүмү боюнча маалымат декабрь аягында таркап, бирок аны Жаза аткаруу кызматы четке каккан.УКМК Арстан Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал 1968-жылы Нарын облусунда төрөлгөн. Ал ишкерлик менен алектенип, бир нече жолу президенттик шайлоого катышкан. Коомдо «кыш болбойт» билдирүүсү менен белгилүү.

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын кантип каза болгонун айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

                                                
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>