Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында «Коопсуздук-2023» машыгуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу 25-27-аперлде болуп өтөт.
Машыгууга Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары, президенттин Баткен, Ош жана Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Алай, Кадамжай, Базар-Коргон районунун администрациясынын өкүлдөрү, ӨКМ, ИИМ жана УКМКнын аймактык бөлүктөрү катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз