Жалал-Абадда төрт көчө дээрлик 400 млн сомго асфальтталат

Жалал-Абадда төрт көчө дээрлик 400 млн сомго асфальтталат

Жалал-Абад шаарынын Жол башкаркамалыгы калаадагы төрт көчөгө асфальт төшөө жана реконструкциялоо иштери үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендендин жалпы баасы 397 млн 713,9 миң сомду түзөт.

Анын ичинен 70 млн 364 миң сом Пушкин көчөсүнүн Ж. Бакиев көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейинки бөлүгүн, 146 млн 22 миң сом Ленин көчөсүнүн «Жалал-Абадгаз» ЖЧКсынан МАИ постуна чейинки тилкесин асфальттоо үчүн каралган.

Манас көчөсүнө (Спутник айланмасынан муниципалдык унаа базарына чейин) асфальт төшөөгө 88 млн 100 миң сом жана Байзаков көчөсүн (темир жол өтмөгүнөн Курманбек көчөсүнө жана Абдырахманов көчөсүнөн айланмага чейин) реконструкциялоого 93 млн 227 миң сом сарпталат.

Жолдор ар бир багыт боюнча эки тилкелүү болуп салынат. Оңдоо иштери быйыл 30-октябрга чейин бүткөрүлүшү керек.

Тендер боюнча арыздар 10-майга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>