Россия Кыргызстандын сүт азыктарын сатып алууну токтотту

Россия Кыргызстандын сүт азыктарын сатып алууну токтотту

Россия бүгүн, 21-апрелден тарта Кыргызстандын сүттөн жасалган продукциясын сатып алууну токтотту. Бул тууралуу Россельхознадзор билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 10-16-апрелде аталган мекеме Кыргызстандагы сүт азыктарын өндүргөн ишканаларды текшерип, сүт алынган пункттарга барган. Текшерүүдөн кийин Россельхознадзор Кыргызстандын тиешелүү мекемеси Россияга экспорттолуучу сүт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин начар жүргүзүүдө, сүт азыктарынын өндүрүлүшү тиешелүү талаптарга жооп бербейт деген бүтүмгө келген.

«Кыргызстандын ишканаларында чийки заттын каяктан келип чыкканын көрсөткөн система жок. Компаниялар документи жок сүттү иштетип, ошондой эле, продукцияны маркировкасыз сакташат», — деп айтылат маалыматта.

Россельхознадзор билдиргендей, сүттү кайра сатып алуу маселеси Кыргызстандын Ветеринардык кызматы бардык сүт чыгарган ишканалардын Россия жана ЕАЭБдин талаптарына жооп берип-бербегенин кайра текшерип чыгып, Россельхознадзорго тиешелүү кепилдиктерди берип, аталган мекеме текшерүү жүргүзгөндөн кийин каралат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>