Коронавирус менен ооруп жатканда кандай тамактануу керек? Адистин жообу

Коронавирус менен ооруп жатканда кандай тамактануу керек? Адистин жообу

Коронавирус менен ооруп жаткандар кандай тамактануусу керек? Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин адистери жарандарга сунуштарды берди:

— Ооруган учурда тамакты аздан, бирок тез-тезден ичүүсү керек.

— Диетологдор жугуштуу оорулар учурунда өтө көп тоюп албоону сунушташат.

Эт азыктары. Канаттуулардын жана балыктардын ар кандай түрлөрүн, ошондой эле жумуртка жеш керек. Этти куурбай шорпо кайнатып же бууга бышыруу сунушталат. Жумуртканы бууга омлет түрүндө бышыруу туура болот.

Сүт азыктары. Майсыз быштак, өтө майлуу эмес каймак, кайнатылган сүт.

Жарма. Күрүчтүн боткосун, манка жармасын жана гречканы жеген туура болот.

Жашылча-жемиштер. Ар бир мезгилде быша турган жер-жемиштер өтө пайдалуу.

Жылуу суюктукту көп ичиңиз: чай, компоттор, жемиш суусундуктары. Бирок канты көп суусундуктардан баш тартуу керек.

Шекер менен чай ичүүнү чектеңиз, ал күнүнө 6 чай кашыктан ашпашы зарыл.

Тузду колдонууну күнүнө 5 граммга (бир чай кашык) чектеңиз. Туз кыртыштарда суюктуктун кармалышына өбөлгө түзөт, бул COVID-19 пневмониясына туура келбейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>