Коронавирус жуккандарды дарылоого канча акча сарпталды? Расмий маалымат

Коронавирус жуккандарды дарылоого канча акча сарпталды? Расмий маалымат

Коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоого жана обсервацияда көзөмөлдө жаткандарга 8 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева брифигде билдирди

“COVID-19 илдетине чалдыккан 165 бейтапты стационарда дарылоого 3 млн 98 миӊ 824 сом сарпталды. Ошондой эле коронавирус боюнча обсервацияда көзөмөлдө жаткан 1794 адамга 5 млн 264 миӊ 219 сом бөлүнгөн”, — деди л.

Боронбаева кошумчалагандай, коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланат. Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт. Жеңил даражадагыларга 7988 сом, орточолорго 16 миӊ 370 сом,  оор даражадагыларга 74 миӊ 764 сом, өтө оор бейтаптарга 118 миӊ 807 сом сарпталат.

24-апрелде брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавирус жуккан бир бейтапка болжол менен үч миң доллар сарпталып жатканын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>