Бир күндө коронавирустан 6 адам көз жумду

Бир күндө коронавирустан 6 адам көз жумду

Соңку суткада коронавирустан 6 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир күндө Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1, Чүй облусунда 1 адам илдеттен көз жумду.

Ошондой эле 423 адамдан илдет табылган.

“Бишкек шаарында 130 кишиден, Ош шаарында 16, Чүй облусунда 102, Ош облусунда 35, Талас облусунда 17, Нарын облусунда 11, Ысык-Көл облусунда 33, Жалал-Абад облусунда 50, Баткен облусунда 29 адамдан илдет табылды”, – деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле соңку суткада 461 киши илдеттен сакайып үйлөрүнө чыккан.

Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны   71971ге жетти. Анын ичинен 63407 киши илдеттен сакайган. 

Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1262адам көз жумду. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>