Коронавирустун жеңил түрү менен ооругандар эмне кылыш керек? Штабдын сунушу

Коронавирустун жеңил түрү менен ооругандар эмне кылыш керек? Штабдын сунушу

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб өзүнүн телеграм каналы аркылуу, вирустун жеңил түрү менен ооруп жаткандар үчүн сунуштарын айтты.
Штабдын маалыматында, коронавирустун баштапкы жеңил түрү төмөндөгүдөй белгилер менен өтөт:
• Дене табы 38°C га чейин көтөрүлүшү (кээбир учурда көтөрүлбөйт);
• Алсыроо;
• Чарчоо;
• Тердөө;
• Дененин сынып оорушу же булчуңдардын оорусу;
• Баш оору;
• Тамактын ачышуусу;
• Жөтөл;
• Жыт жана даам сезбей калуу;
• Ич өтүү.

Эгерде жогорудагы белгилердин бирин же бир нечесин байкасыңыз, төмөндөгүлөр сунушталат;
• Төшөктө жатуу;
• Көп суусундук ичүү (компот, морс, чай жана шорполор) 1 кг дене өлчөмүнө 30 мл суусундук эсеби менен;
• Биринчи 5 күн абалыңызды байкаштырыңыз;
• Абалыңыз начарлап баратса 118ге чалыңыз же сиз катталган ооруканга кайрылыңыз;
Мындан тышкары төмөндөгү дарыларды дагы колдонсоңуз болот:
• Дене табынын 38°C ден жогорулап кетсе: Парацетамол 500 мг же Ибупрофен 200 мг (күнүнө 3 маалдан көп эмес жана 3 күндөн ашык эмес);
• Күнүнө төрт жолу көмкөрөңүздөн бир сааттан кем эмес убакыт жатуу дагы пайдалуу.
Мындан сырткары кошумча дарылоо дарыгердин көзөмөлү менен жүргүзүлүүсү керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>