КР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайт

13.04.2026 | 16:58

Кыргызстанда «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында «Автоураган» аппараттык-программалык комплекстерин (АПК) ишке киргизүү уланууда, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Мекеменин маалыматы боюнча, мындай АПКлар 2026-жылдын башынан тартып Бишкек шаарында, ошондой эле Бишкек — Кордай, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол жана Бишкек — Ош (Чүй облусунун аймагындагы) автожолдорунун тилкелеринде орнотулуп, колдонула баштады.

АПКлар тагылбаган коопсуздук курун, карама-каршы тилкеге чыгууну, ылдамдыкты ашырууну, жол белгилеринин талаптарын сактабоону каттайт, ошондой эле «Коопсуз шаардын» камераларына түшкөн төлөнбөгөн айып пулдарды да аныктайт.

Бул комплекстер көп функциялуу жана унаа жогорку ылдамдыкта бара жатканда да транспорт каражатынын мамлекеттик номерин, ошондой эле айдоочунун коопсуздук курун тагынган-тагынбаганын сапаттуу каттоого жөндөмдүү.

ИИМ айдоочуларга жол белгилеринин талаптарына баш ийүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин (ЖКЭ) так сактоону сунуштайт.

Scroll to Top