БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды
16.06.2022 | 20:55
Красноярск-Бишкек-Красноярск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттам ачылды. Бул туурасында Манас аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган багыт боюнча авиакаттамдарды «Россия» авиакомпаниясы аткарат.
2022-жылдын 15-июнунда Бишкекке биринчи каттам менен 85 жүргүнчү учуп келди. Красноярскиге 78 адам учуп кетти.
Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 3 саат 30 мүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар