Бишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө«Көлөкө менен кармаш»: Валентина Шевченко UFC титулун коргоо алдында Кыргызстанда машыгуудаБишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылдыМилиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атадыКыргызстандыктарга мүлк салыгын төлөөгө эки күн калды
Чүй: 19 жаштагы айдоочу кыз бакты сүзүп каза тапты
16.06.2022 | 19:49
Аламдүн районундагы Кой-Таш айылында унаа бакты сүзүп, айдоочу 19 жаштагы кыз ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдирди.
Маалыматка караганда, 15-июнь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында милицияга Кой-Таш айылында болгон унаа кырсыгы боюнча маалымат түшкөн. Бишкек-Кой-Таш-Теплые ключи унаа жолунун 2-чакырымында 2003-жылы туулган А.А. Лексус РХ 330 үлгүсүндөгү унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, жолдун оӊ жак бетиндеги бакты сүзгөндүгүн такташкан.
Натыйжада айдоочу алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. Мындан тышкары жүргүнчү катары бара жаткан 2000-жылы туулган Т.Т. ар кандай жаракаттар менен ооруканага кайрылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар